Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:34

Мамытов: Кумтөргө жаңы жетекчинин келиши сүйлөшүүлөргө таасир этпейт


"Центерра голддун" директорлор кеңеши Дэниел Дежарденди “Кумтөр голд компанинин” жетекчилигине коюуга макулдугун берди. Бирок бул “Центерра голд” менен кыргыз өкмөтүнүн жакында боло турган сүйлөшүүлөрүнө таасир этпейт. Бул тууралуу “Азаттыкка” “Кыргызалтын” мамлекеттик ишканасынын жетекчиси Токон Мамытов билдирди.

“Мурдагы жетекчи Майкл Фишер 200 миллион доллардын чатагынан улам Канадага кетип калган. Кумтөрдө миңдеген киши иштейт. Ошончо кишини көп убакыт бою Канадада туруп башкарууга болбойт. Анын үстүнө буга чейин Кумтөрдү текшерген өкмөттүк комиссия Фишер жана башка компания жетекчилерин алмаштыргыла деген сунушту “Центерра голдго” киргизген болчу”, - деди Мамытов.

“Кыргызалтындын” мурунку жетекчиси Дилгер Жапаров өткөн жылдын майында “Центерра голдго” 200 миллион долларды дивиденд катары мыйзамсыз которгон деп камакка алынган. Андан кийин “Центер голддун” жетекчилиги чочулап, Бишкекке келүүдөн баш тартып келишкен. (МТо)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG