Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:03

Свердлов райсоту буга чейин "маңзат менен кармалды" делген адамды актады


Гамулин аттуу жаран бүгүн Свердлов райондук сотунун чечими менен акталды.

Гамулиндин адвокатынын айтымында, ал өткөн жылы 30-июлда маңзат менен кармалып, камакка алынган.

Ал камалгандан кийин декабрь айында Ч.А аттуу жаран Свердлов райондук милициясынын эки кызматкеринин мажбурлоосу менен беш адамдын, анын ичинде Гамулиндин чөнтөгүнө маңзат салып, карматкандыгы тууралуу айтып чыккан. Андан соң Гамулинге байланыштуу сотто күбө катары көрсөтмө берген.

Акыйкатчы Бакыт Аманбаевдин айтымында, Ч.Анын аялын жогорудагы сөз болгон милиционерлер барымтага алып, күйөөсү соттогу көрсөтмөсүнөн баш тартышын талап кылышкан. Сөз болгон милиция кызматкерлери эркиндикте жүргөндүктөн Аманбаев Ч.Анын жана анын үй-бүлөсүнүн коопсуздугу коркунучта экендигин айтып, коңгуроо кагууда.

Ал эми ИИМдин маалымат катчысы Олжобай Казабаев “Азаттыкка” милиция кызматкерлери күбөнүн аялын барымтага алган деген маалыматты четке какты. Ал эми “мажбурлап, бирөөлөрдүн чөнтөгүнө маңзат салдырып жүргөн” деген билдирүүнү Бишкек шаардык прокуратурасы иликтеп жатканын айтты. (AiA/MTo)

XS
SM
MD
LG