Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:14

Кризис тобу: Борбор Азия бийликтери согушкерлер коркунучуна май чачууда


Эл аралык Кризистик топ аймактагы беш өлкө согушкерлер коркунучу менен күрөшкөндүн ордуна, кайра аны күч алдырып жатат деп айтылган отчетун таркатты. Бүгүн жарыяланган документте беш өлкө "Ислам мамлекети" согушкерлери жана «өөрчүп жаткан радикализм» коркунучу менен күрөштө ишенимдүү жана координацияланган аракет планын иштеп чыгышы керектиги белгиленет.

«Сирия коркунучу: Борбор Азиядагы радикалдашуу» деп аталган отчетто бүгүнкү күндө "Ислам мамлекети" согушкерлери көзөмөлдөп турган аймактарга кеткен же бул экстремисттик топту колдогон борбор азиялыктардын саны 2 миңден 4 миңге чейин жетери айтылат. Кризистик топ аймактагы өкмөттөр жарандык эркиндиктерди чектеп, коопсуздук чараларын күч алдыруу менен радикалдаштыруунун отуна кайра май чачып жаткандыгын кошумчалайт. Башка чаралар менен катар бул уюм жаштарга көбүрөөк экономикалык мүмкүнчүлүктөрдү түзүп берүүгө чакырат.


XS
SM
MD
LG