Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:54

Украинада согуш майданда дагы бир грузин окко учту


Туугандары билдиргендей, Тамаз Сушиашвили Донецк аэропортунун жанындагы согуш аракетинде 17-январда көз жумган. Буга чейин Украинанын чыгышында орусиячыл жикчилдер менен украин армиясынын ортосундагы салгылашта эки грузиндин набыт болгондугу кабарланган. Маалыматтарга караганда, Украинадагы согуш аракеттерине постсоветтик бир канча өлкөлөрдөн көптөгөн киши тартылган. Апрел айынан бери бул жакта курман болгондордун саны 4700дөн ашты.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG