Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:39

Тажикстанда кесилген ишкер кайра соттолот


Тажикстандын Антикоррупциялык агенттигинин билдиришинче, Заяд Саидовго документтерди бурмалоо, кызматынан пайдалануу, мамлекеттик каражатты ысырап кылуу, салыктан качуу өңдөнгөн кинелер менен кайра кылмыш иши козголууда. 55 жаштагы Саидов эки жыл мурда каржылык көз боемоочулук, көп аял алуучулук, жашы жете элек бала менен жыныстык катнашта болуу кинелери менен 26 жылга эркинен ажыратылган эле. Ал 2013-жылы президент Эмомали Рахмондун өкмөтүн сынга алып чыккандан кийин кармалган. Саидов катталбаган "Жаңы Тажикстан" оппозициячыл партиясынын жетекчиси. Ал өзүнө коюлган айыптарды четке каккан.

XS
SM
MD
LG