Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:22

Францияда беш орус жараны кармалды


Франциянын түштүгүндөгү Безие шаарынын прокуратурасы теги чечен беш орус жараны кол салуу даярдап жаткан деген шек менен камакка алынгандыгын кулак кагыш кылды. Прокурор Ивон Калветтин сөзү боюнча, бешөө Жер ортолук деңизинин боюна чукул жайгашкан шаарчада кечээ кармалды. Жергиликтүү маалымат каражаттарынын жазышынча, алар стадиондун жанынан табылган жардыргычтарды каткан деп да шектелүүдө. Орусиянын Париждеги элчилиги орусиялык РИА Новости агенттигине бул камоо тууралуу кабары жок экендигин билдирди.

XS
SM
MD
LG