Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:30

Жогорку Кеңеш Төрөбековдун кол тийбестик маселесин карайт


Нурлан Төрөбеков.
Нурлан Төрөбеков.

Парламенттин бүгүн, 21-январдагы жалпы жыйынында “Ар-намыс” фракциясынан депутат Нурлан Төрөбековдон кол тийбестик макамын алуу боюнча депутаттык комиссиянын иши талкууланат. Бул тууралуу мыйзам чыгаруу органынын басма сөз кызматы билдирди.

Өткөн жылдын октябрь айында Башкы прокуратура Нурлан Төрөбековго кылмыш ишин козгогон. Ал “жогорку билим алгандыгы тууралуу жасалма диплом колдонгон” деп айыпталууда. Депутат муну четке каккан.

Кылмыш иштин мыйзамдуулугун териштирүү үчүн депутаттык комиссия түзүлүп, Төрөбековдун жогорку билим тууралуу жасалма диплом колдонгону аныкталганын жарыялаган. (SE)

XS
SM
MD
LG