Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:02

Нарын: мыйзамсыз колдонгон мылтыктар кармалууда


Аңчылыкты көзөмөлдөө жана аңчылык ресурстарынын санын жөнгө салуу департаменти жүргүзгөн рейд учурунда мыйзамсыз колдонуудагы Ат-Башы районунан төрт, Жумгал районунан эки сайлуу мылтык кармалган.

Бул тууралуу “Азаттыкка” аталган департаменттин жетектөөчү адиси Малик Курманбаев билдирди.

Ал мылтыктар райондук ички иштер бөлүмүнө өткөрүлүп, ар бирине административдик айыптар салынган.

“Азыр союз убагындагы малчылардан калган мылтыктар эл арасында көп. Аларга мылтыктарын тиешелүү документтериңерди чогултуп, мыйзамдаштыргыла деп түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатабыз”,- деди Курманбаев.

Аталган департамент акыркы убакта мылтыгын мыйзамдаштыргандар көбөйүп жаткандыгын белгиледи. Алардын көпчүлүгү ТОЗ-8 мылтыктары. (MiK)

XS
SM
MD
LG