Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:54

Депутаттар Салянованын парламентке келишин талап кылууда


Парламенттин жалпы жыйынында баш прокурор Аида Салянованын кызматтан кетүү тууралуу арызы каралууда.

Депутат Өмүрбек Абдрахманов Салянова учурда прокурорлук кызматта турганын эскертип, күйөөсүнө байланыштуу УКМКнын маалыматына карата жооп алууну талап кылууда.

Депутат Анарбек Калматов болсо “20-30 киши Саляновага суроо берүү үчүн жазылдык. Ал келбесе кимге беребиз суроолорду?” деп кесиптеши Абдрахмановду колдоду.

Айрым депутаттар Салянованын катышуусуз эле анын талапкерлигин кароону сунушташууда.

Ал эми Аида Салянова Жогорку Кеңешке келбесин президенттин парламенттеги өкүлү аркылуу билдирген.

Бул боюнча добуш берилип, 17 макул, 50 каршы добуш менен ал сунуш өтпөй калды. (МТо)

XS
SM
MD
LG