Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:35

Ысык-Көлдө 54 мечит каттоодон өткөн эмес


Бул тууралуу “Азаттыкка” облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Сталбек Усубакунов билдирди.

Анын айтымында, облуста 120 мечит, бир медресе бар. Юстиция министрлигинин облустук бөлүмүнөн медресе менен 70 мечит гана каттоодон өткөн. 54 мечиттен тышкары 45 намазкана каттоодон өтпөй иштеп жатат.

Облус аймагында 195 диний уюм бар, анын 170и ислам динин туткандар. Калганы христиан динине тиешелүү. (МК)

XS
SM
MD
LG