Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:43

Түрмөлөргө видео көзөмөл орнотулууда


Оштогу абактардын бири, 20-январь, 2012

Оштогу абактардын бири, 20-январь, 2012

Ушу тапта түрмөлөрдө, убактылуу кармоочу жайларда бир дагы камералардын эшиги ачык эмес. Бул тууралуу бүгүн 2012-2016-жылдары Жаза аткаруу мекемелерин өнүктүрүү боюнча улуттук стратегияга арналган жыйында аталган мекеменин жетекчиси Советбек Арбаев билдирди. Анын айтымында, азыр абак жайларында отурган кылмыш дүйнөсүнүн лидерлери каалаган убакта, каалаган эшигин ачтыра албайт.

“Учурда түрмөлөрдө, убактылуу кармоочу жайларда видеокөзөмөл орнотуу иштери жүрүүдө. СИЗО-1де мурдагыдай эмес, камералардын эшиги жабык. Видеокөзөмөл орнотулган. Бирок бардык түрмөлөргө видеокамераларды орнотууда каржы маселесине такалып жатабыз. Реформа жасоого эл аралык уюмдар, ЕККУ жакшы жардам берип атат. Ал эми мамлекет өзүнө тиешелүү каражатты бөлүп бербей жатат”, - деди Арбаев.

Мындан улам өлкөдөгү абак жайларга видеобайкоо качан толук орнотулары белгисиз. (UEz/MTo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG