Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:04

Кыргызстанда жаӊы кардиологиялык борбор куруу пландалууда


Саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиев Түркиянын Alvimedica компаниясынын өкүлү Жем Карван менен жолугушуп, Кыргызстанда жогорку стандарттагы медициналык тейлөө көрсөтүүчү жаӊы кардиологиялык борборду куруу маселесин талкуулады. Бул борбордо жеке эле бейтаптарды дарылабай, адистерге заманбап билим берүү да пландалууда. “Мындай максатта дүйнөлүк деӊгээлдеги профессионалдуу врачтарды борборго алып келебиз. Борбор жаӊы технологиялар менен жабдылат. Кардиохирургия жана кардиология жаатында жаӊы мүмкүнчүлүктөр ачылат”, - дейт Жем Карван.

Министрликтин басма сөз кызматынын билдирүүсүнө караганда борборду куруу боюнча каттоо иштери аяктады. Азыр өлкөдө кардиологдор жетишсиз болуп жатканын министрлик тынбай айтып келет. (BCh)

XS
SM
MD
LG