Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:09

Парламентте Жапаровдун китеби боюнча маалымат берилди


Ушу тапта Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында баш прокурордун милдетин аткаруучу Темирбек Бекмамат уулу Садыр Жапаровдун “Саясатка аралашкан 10 жыл” аттуу китеби боюнча маалымат берүүдө.

Ал китептеги “2011-жылы самолет аркылуу Түркияга 3 тонна алтын чыгарылып кеткен” деген бөлүгү боюнча маалымат берип жатат.

“Биз бул боюнча иликтөө жүргүзүп жатабыз. УКМК кызматкерлеринен, жүктү жөнөткөн тараптардан, аны кабыл алган Түркиянын Эрзурум шаарындагылардан, алтынды аффинаж кылган тараптардан жана Кумтөрдөн сурадык. Алдын-ала маалыматтарга караганда, гуманитардык жардам менен эч кандай алтын чыгарылып кеткен эмес”, - деди Бекмамат уулу.

Бекмамат уулу бул боюнча иликтөө уланарын, такталбай калса Жапаровго да укуктук баа берилерин билдирди.

Январдын башында учурда Польшада жашап жаткан экс-депутат Садыр Жапаров китебин чыгарган. Анда Жапаров саясаттагы 10 жыл ичинде күбө болгон окуяларды жазган. Анын жазганына караганда, 2011-жылы Түркияда жер титирөөдөн жабыркагандарга жөнөтүлгөн гумжардам менен кошо 3 тонна алтын чыгарылып кеткен. Аны өлкөнүн ошо кездеги эң жогорку жетекчилиги, тагыраагы Роза Отунбаева же Алмазбек Атамбаев гана чыгарууга күчү жетмек деп жазат автор. (МТо)

XS
SM
MD
LG