Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:21

Тель-Авивде автобус жүргүнчүлөрүнө кол салынды


Бычак жеген жүргүнчүгө жардам көргөзүлүүдө. Тель-Авив, 21-январь, 2015-жыл.
Бычак жеген жүргүнчүгө жардам көргөзүлүүдө. Тель-Авив, 21-январь, 2015-жыл.

Израилдин полициясы билдиргендей, жүргүнчүлөргө бычак менен кол алган жигит Палестинанын Тулкарм шаарынын 23 жаштагы тургуну. Аны полицейлер бутунан жарадар кылып, камакка алганга чейин 12 кишини саюуга үлгүргөн. Алардын үчөөсү оор жаркат алып, ооруканага түштү.

Израилдин премьер-министри Беньямин Нетаньяху кол салууну палестин бийликтеринин “жөөттөргө жана алардын мамлекетине каршы кастыкка тукурган саясатынын тикелей натыйжасы” деп атады.

Палестиндердин “Хамас” кыймылынын саясий кеңешинин мүчөсү Иззат ал-Ришек кол салууну “каармандык” деп мүнөздөдү. Анын айтымында, бул “палестин элине каршы жасалган кылмыш: терроризм менен окуппацияга табигый жооп болду”.

XS
SM
MD
LG