Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:00

Шериктештик кубогунда Кыргызстандын курамасы Финляндияга жеңилип калды


Шериктештик кубогуна катышып жаткан Кыргызстан курамасы. Санкт-Петербург. Январь, 2015-жыл.
Шериктештик кубогуна катышып жаткан Кыргызстан курамасы. Санкт-Петербург. Январь, 2015-жыл.

Санкт-Петербург шаарында өтүп жаткан футбол боюнча Шериктештик кубогунун чейрек финалында Кыргызстандын 21 жашка чейинки улуттук курамасы Финляндия курамасына жеңилди. Беттеш бүгүн Бишкек убактысы боюнча саат 15:00до башталып, 1:0 эсебинде финдердин пайдасына аяктады.

Шериктештик кубогу үчүн мелдеште Кыргызстан В тайпасында ойноп, Молдова жана Латвия курамалары менен беттешип, эки оюн тең 1:1 эсебинде аяктаган. Ал эми Орусия курамасын 2:1 эсебинде утуп, беш упай менен биринчи орунду ээлеген жана плей-оффко жолдомо алган.

А тайпасында ойногон Финляндия футболчулары буга чейин Эстонияны 2:1 эсебинде уткан. Түркмөнстан менен 1:1 эсебинде тең ойногон. Беларуска 1:0 эсебинде утулуп, өз тайпасында үчүнчү орун менен чейрек финалга чыккан.

Эми Кыргызстандын жаштар курамасы 5-8-орундар үчүн ойнойт. Бул кубоктун оюндарында кыргыз футболчулары эки жолу тогузунчу, бир жолу 12-орунду ээлешкен.

16-январда башталган Шериктештик кубогунун оюндары 25-январда аяктайт. Ага 12 өлкө катышууда. (ECh)

XS
SM
MD
LG