Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:00

Мындай кадамдын себебин "атамекенчи" депутат Ташболот Балтабаев “Азаттыкка” мындайча түшүндүрдү: “Биринчиден, жакында эле президент Салянова коррупцияга каршы ат көтөргүс иштерди жүргүзүп атат, ал отставкага кетпейт, деп айткан. Экинчиден, жыйынга келип кызматтан кетип аткан себебин өзү айтсын дедик. Антпесе, кызматтан кетип атышы бүдөмүк, мүмкүн ал жерде интрига болуп атат дедик. Бул өтө орчундуу кызмат. Салянова үлкөн кызматта тургандарга кылмыш ишин козгоп, саясатта болуп көрбөгөндөй бурулуш жасады. Анан кантип ит куугандай кетирип ийебиз деген принципте каршы болдук”, - деди Балтабаев.

Бүгүн Жогорку Кеңеш баш прокурор Аида Салянованын өз каалоосу менен кызматтан кетүү тууралуу арызын колдоп берген. Мыйзамга ылайык, президент баш прокурорду парламенттин макулдугу менен кызматтан алат. (МТо)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG