Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:14

Лавров: АКШ дүйнөгө үстөмдүк кылгысы келет


Орус тышкы иштер министри Сергей Лавров президент Барак Обаманын Конгресстеги жылдык кайрылуусу АКШ дүйнөгө үстөмдүк кылууну кааларын көргөздү деп эсептейт.

Ал Москвадагы бүгүнкү басма сөз жыйында:

- Москва менен Вашингтондун мамилеси олуттуу курчуду. АКШ администрациясы эки тараптуу диалогду багыттардын көбү боюнча токтотуп койду. Биз америкалык өнөктөштөрдү эки тараптуу маселелерде, ага катар биздин өлкөлөр өзгөчө жоопкер болгон дүйнөлүк аренадада конструктивдүү карым-катнашка чакырабыз. Мындай диалог, албетте, тең жана тараптар бири-биринин кызыкчылыгы эске алынган шартта гана мүмкүн.

Лавров Батыштын Орусияны изоляциялоо аракетинен майнап чыкпасын да кошумчалады.

Мунун алдында АКШ президенти Барак Обама Конгресстеги жылдык кайрылуусунда Орусиянын агрессиясына каршы туруу, Украинанын демократиясын колдоо менен Вашингтон чоң өлкөлөр кичинелерин кодулай албайт деген принципти карманып жатканын, изоляцияга кабылган Орусиянын экономикасы “дал-далынан ыдырай” баштаганын айткан эле. (UE)

XS
SM
MD
LG