Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:34

Перси булуңунун алты өлкөсү Йемендеги “төңкөрүш” аракетин айыптады


"Аль-Хути" тобунун согушкерлери президенттин сарайына алып баруучу жолдо. Сана, 20-январь, 2015-жыл.

"Аль-Хути" тобунун согушкерлери президенттин сарайына алып баруучу жолдо. Сана, 20-январь, 2015-жыл.

Перси булуңунун Кызматташтык кеңешине кирген Сауд Аравия, Кувейт, Бахрейн, Оман, Катар жана Бириккен Араб Эмираттары бүгүнкү билдирүүсүндө ошондой эле Йемендин президенти Абд-Раббу Мансур Хадинин конституциялык жактан “легитимдүү бийлигине" колдоо көргөзүштү.

Билдирүү аталган өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлеринин Йемендеги кырдаал боюнча бүгүн Эр-Рияддагы чукул жыйынында жасалды.

Шийиттердин “аль-Хути” тобунун козголоңчулары өлкө борбору Сананы көзөмөлдөп, президент Хадини жеке резиденциясында курчап турганы менен, кеңешчилеринин айтымында, ал бийликте кала берүүдө.

Расмий өкүлдөр билдиргендей, борбор Санада коопсуздук күчтөрү менен козголоңчулардын эки күндөн берки атышууларынан кеминде 35 киши өлүп, 90дон ашуусу жаракат алды. (UE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG