Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:19

Донецкте абал чыңалуу бойдон турат


Чыгыш Украинада абал чыңалуу бойдон. Өкмөт күчтөрү жикчилдер менен салгылашууну улантууда.

Чыгыш Украинада абал чыңалуу бойдон. Өкмөт күчтөрү жикчилдер менен салгылашууну улантууда.

Украина чыгышындагы Донецк аймагынын аэропортунда абал чыңалуу бойдон турганын мамлекеттин Коргоо министрлиги шаршемби күнү билдирди. Жикчилдер менен өкмөт күчтөрүнүн салгылашуусу уланууда. Карапайым калк арасында курмандыктарды болтурбоо үчүн калктуу конуштарда ок атпоо аракеттери жүрүүдө.

Маалыматтарга ылайык, соңку күндөрү орусиячыл жикчилдер тарабынан соккулар күчөтүлгөн. Луганск жана Донецкти байланыштырган бир көпүрө жардырылганы айтылууда.

Украин президенти Петро Порошенко 21-январь күнү Давостогу Дүйнөлүк экономикалык форумда сүйлөп жатып, өз өлкөсүндө Орусиянын тогуз миң аскери, 500дөй танкы жана башка техникалары бар экенин билдирген.

Орус тышкы иштер министри Сергей Лавров украин президентинин айткандарын “негизсиз” деп атаган.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG