Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:19

Зеличенконун “Чындык уюткусу” аттуу китеби жарык көрдү


Кыргызстандык жазуучу, милициянын полковниги Александр Зеличенконун “Чындык уюткусу” (Сыворотка правды) аттуу аңгемелер жыйнагы Канадада жарык көрдү. Бул тууралуу китепти басып чыгарган Торонтодогу Altaspera Publishing & Literary Agency Inc басмаканасынын интернет сайты кабарлады.

Маалыматта айтылгандай, курч окуялардан турган кыска аңгемелер Зеличенконун кесиптик ишине байланышкан. Анда милиция кызматкеринин кылмышкерлер менен болгон күрөшү баяндалат.

Зеличенконун буга чейин милициянын ишмердүүлүгүнө байланышкан бир нече китеби чыккан. (ZA)

XS
SM
MD
LG