Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:07

Жалал-Абад: миңден ашуун мамлекеттик кызматкер жоопкерчиликке тартылды


Өткөн жылы Жалал-Абад облусунда иштеген мамлекеттик кызматкерлердин 351и административдик жоопкерчиликке, 757си тартиптик жоопкерчиликке тартылды. Бул тууралуу 21-январь күнү облустун прокурору Кылычбек Токтогулов 2014-жылдын жыйынтыгын караган жыйында билдирди.

Анын айтымында, прокуратура тарабынан аткаруу бийлиги жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишмердүүлүгүндөгү мыйзамдуулукка көзөмөл жүргүзүү боюнча бир жылда 1234 текшерүү жүргүзүлгөн.

Жакында эле Ноокен районунун акими менен Майлуу-Суу шаарынын мэрине прокуратура тарабынан административдик өндүрүш иши козголуп, Жалал-Абад шаардык сотунун чечими менен 10 миң сомдон айып салынган. (RsK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG