Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:02

Бишкектеги темир жол бекетинде "кара тизмедеги" жарандарды Орусияга алып киребиз деп алдаган фактылар көбөйүүдө. Бул тууралуу “Азаттыкка” “Замандаш” ассоциациясынын аткаруучу директору Майрамбек Жапанов билдирди. Анын айтымында, кассанын жанында турган ортомчулар кара тизмедегилерди Орусияга жашырып алып кирип кетебиз деп акчаларын алышат. Бул үчүн алар 15 миңден 50 миң сомго чейин алып турушкан. Бирок Казакстан менен Орусия чек арасынан өткөрө албай, адамдарды поездден секиртип, же башка жол менен өтөсүңөр деп түртүп ийген фактылар көп. Натыйжада, алар чек арачылардын колуна түшүп, убактылуу кармоочу жайга камалышууда. Жапанов ошондой эле камактан бошоп, "Замандашка" кайрылгандардын саны 41 кишиге жеткенин, поездден секиргендердин арасынан эки келин бутунан жана башынан жаракат алып, ооруканага жатканын кошумчалады.

Орусия өткөн жылдан тарта аймагында убактылуу жашоо жана иштөө эрежелерин бузгандарды “кара тизмеге” алып, алар өлкөдөн чыгып, кайра кире албай калышкан. Кара тизмедеги кыргызстандыктардын саны 40 миңге жакын. Буга чейин 2 миңдейи эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында тизмеден чыгарылган. Кара тизмеден мамлекеттик деңгээлдеги сүйлөшүүнүн натыйжасында гана чыгарууга мүмкүн. (МТо)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG