Бишкек шаарындагы 2-төрөт үйү кызамык оорусунан улам бир нече күн төрөй турган аялдарды кабыл албайт. Бул тууралуу аталган жайдын жетекчилигинен “Азаттыкка” билдиришти. Төрөт үйү 19-январдан 26-январга чейин карантинге жабылды.
“Мунун себеби бул жайда төрөгөн бир аялдан кызамык илдети катталып, адисттер ымыркайлар менен башка аялдарга да жугуп калбаш үчүн ушундай чара көрүшкөн. Ай-күнү жеткен аялдар баш калаанын башка жайларына жиберилүүдө”, - дейт нөөмөттө турган акушер-гинеколог.
Азыркы тапта өлкө боюнча кызамыктын оор формасы болгон кызылча илдети менен ооругандардын саны көбөйүүдө. (BCh)