Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:29

Отунбаева Жалал-Абадды кыдырууда


Кыргызстандын мурдагы президенти Роза Отунбаева ушу тапта облустагы район-шаарларды кыдырып, билим берүү мекемелериндеги балдардын тамак-аш маселесинен кабар алууда. Бул тууралуу облустук бийликтин басма сөз кызматынан билдиришти.

Кечээ, 21-январда Отунбаева Аксы жана Ала-Бука райондорундагы өзү жетектеген фонд тарабынан курулуп жаткан мектеп ашканаларынын абалы менен таанышкан. Бүгүн Базар-Коргон районундагы бала бакчаларды кыдырууда. Андан соң облус активи менен жолугушат.

Буга чейин 18-январдан 5-февралга чейин экс-президент Талас, Жалал-Абад, Чүй, Ош жана Баткен облустарына иш сапарга барары айтылган. (RsK)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG