Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:06

Келдибеков менен Түлеевдин иштебей алган айлыгы 3 миллионго жетти


Акматбек Келдибеков сот залында, Бишкек, 2014.

Акматбек Келдибеков сот залында, Бишкек, 2014.

Жогорку Кеңештин экс-депутаты Нариман Түлеев абакта жаткан 2 жыл 7 ай аралыгында 1 млн. 730 миң сом, учурда чет өлкөдө дарыланып жүргөн Акматбек Келдибеков ишке чыкпаган 1 жыл 2 ай аралыгында 1 млн. 120 миң сом айлык алган. Бул тууралуу “Азаттыкка" парламенттен билдиришти.

Маалыматка ылайык, алардын айлык акылары депутаттардын жакындарына которулган. Мындан тышкары депутаттардын бирден жардамчысы жана кеңешчиси ушул убакыт аралыгында кадимкидей маяна алып турган.

Нариман Түлеев калаа башчысы болуп турганда мамлекетке ири өлчөмдө зыян келтирген деген айып менен 2012-жылдын 22-июнунда камакка алынган. Бишкек шаардык соту райсоттун чечимин күчүндө калтырып, аны 11 жылга абакка кескен. Кечээ БШК Түлеевди депутаттык мандаттан мөөнөтүнөн мурда ажыратты.

Коррупция, кызмат абалынан кыянат пайдалануу беренелери боюнча шектелген парламенттин мурдагы төрагасы Акматбек Келдибеков 2013-жылдын 20-ноябрында камакка алынган. Ал 2014-жылдын августунда Биринчи май райондук сотунун чечими менен чет өлкөгө дарыланууга кеткен. Азыр анын Дубайда экени, жакында кайтып келери айтылууда. (UEz)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG