Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:51

Оппозициячыл саясатчылар АКШга барат


Равшан Жээнбеков, ЖК депутаты.
Равшан Жээнбеков, ЖК депутаты.

Жогорку Кеңештин депутаттары Равшан Жээнбеков, Өмүрбек Абдрахманов жана оппозициячыл саясатчылар Кубатбек Байболов, Кубанычбек Кадыров, Адил Турдукулов жана бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү эртең АКШга сапар тартат. Бул тууралуу “Азаттыкка” Равшан Жээнбеков билдирди.

Анын айтымында, саясатчылар АКШ Мамлекеттик департаментинде, Сенатта, ЮСАИДде жолугушууларды өткөрүп, эки маселе боюнча сүйлөшүү жүрөт.

“Биринчиси - Кыргызстанда сөз эркиндигин, демократиялык баалуулуктарды туу туткан альтернативалуу маалымат булактарын көбөйтүү. Экинчиси - Орусиядагы экономикалык кризис эки жылдан 8 жылга чейин уланат деп атышат. Ал Кыргызстанга сөзсүз таасир этет. Мындай шартта Кыргызстандын бюджетин колдоо үчүн программа иштеп чыгып, жардам берүү жагын сүйлөшөбүз”, - деди Жээнбеков.

Мындан тышкары Түркияда да ушул эле маселелер боюнча жолугушуу белгиленген. Саясатчылар сапарга өз каражаты менен чыгууда. (МТо)

XS
SM
MD
LG