Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:51

Сокур ичегинин айынан комага түшкөн өспүрүм жардамга муктаж


4-класстын окуучусу Арген өткөн жылдын 6-октябрында Жайыл райондук ооруканасында операция болуп, ошол бойдон эс-учун билбей жатат. Анын ата-энеси уулунун сокур ичегисин алдыргандан кийин эсине келбей жатканынын себебин дарыгерлер түшүндүрбөй жатканына даттанып сотко кайрылышкан. Учурда тергөө жүрүүдө.

Ал арада Арген Жалдагы балдардын ооруканасына жаткан, мурдагы күнү дарыгерлер “эс алсын” деп үйгө чыгарып коюшкан. Ошол эле учурда бала эсине келер-келбеси айтылган эмес.

Аргендин ата-энеси уулу дарыгерлердин шалаакылыгынын айынан ушундай абалга туш болду деп эсептеп, окуяга көз салып, жардам берүүнү өтүнүп коомчулукка кайрылды. Бул боюнча «Азаттык» журналисттик иликтөө жүргүзүүдө. (AzK/MTo)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG