Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:51

Украин аскерлери Донецк аба бекетинен чегинүүдө


Донецк аба майданы
Донецк аба майданы

Украин армиясынын маалымат катчысы Владислав Селезневдун кабарлашынча, өкмөттүк аскерлер Донецк аба бекетинин жаңы курулган терминалынан чыгарылды. Бул жерди алар бир айдан бери кармап турушкан эле.

Украинанын коргонуу министрлигинин билдирүүсүндө айтылгандай, аба бекеттин айрым жерлери өкмөттүн көзөмөлүндө кала берүүдө жана согуштук аракеттер уланууда. Ушул эле булактан соңку 24 саатта аз дегенде алты өкмөттүк аскер окко учкандыгын, 16 аскер жараат алып, же каршы тарапка туткунга түшкөндүгү бышыкталды. Селезневдун сөзү боюнча, акыркы 24 саат ичинде чыгыш Украинада окко учкан аскерлердин саны 10го жетти.

XS
SM
MD
LG