Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:00

Бүгүн президент Алмазбек Атамбаев башкы прокурорлук кызматка бекитип берүү үчүн Жогорку Кеңешке Индира Жолдубаеванын талапкерлигин сунуштады. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан кабарлашты.

Индира Жолдубаева президенттик аппараттын сот реформалары жана мыйзамдуулук боюнча бөлүмүн жетектейт.

Парламент жалпы жыйында Жолдубаеванын талапкерлигин колдосо, президент аны кызматка бекитүүгө негиз болот.

Индира Жолдубаева 1979-жылы 11-апрелде Бишкек шаарында туулган. 2002-жылы Кыргыз улуттук университетин бүтүргөн.

2002-жылдын майынан 2003-жылдын мартына чейин “Калктын аз камсыз болгон катмарына юридикалык жардам” аттуу Сорос-Кыргызстан долбоорунда юрист-кеңешчи, андан кийин 2005-жылдын майына чейин “Манас” эл аралык аэропортунда юрист-кеңешчи болуп иштеген. 2005-2006-жылдары “Компаньон” микрокредиттик компаниясынын юристи. 2006-2008-жылдары “ДЭКА” жабык акционердик коомунун аткаруучу директору. 2008-2009-жылдары президенттик администрациянын укуктук бөлүмүндө эксперт болуп иштеген. 2009-2010-жылы Мамлекеттик кадр кызматынын директорунун орун басары. 2010-2011-жылы президенттик аппараттын укукту камсыздоо бөлүмүнүн башчысы. 2011-жылдан тарта соттук реформа жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн башчысы болуп иштеп келүүдө.

Буга чейинки башкы прокурор Аида Салянова 19-январда жазган арызынын негизинде бүгүн кызматынан бошотулган. (МТо)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG