Бул тууралуу “Азаттыкка” Аңчылык департаментинин Талас району боюнча инспектору Анарбек Кутманов билдирди.
Адис маалымдагандай, Талас районунда карышкыр күч болуп, мал кармагандардын айласы кетүүдө. Жырткычка туруштук берүү үчүн ок-дарынын жоктугу да элдин кедерин кесүүдө.
“Мурда жеке мергенчилер карышкыр атып, тапшырып турушчу. Өкмөттөн чыккан токтомдун негизинде акыркы коюлган баа менен карышкырга 5 миң, бөлтүрүк үчүн 3,5 миң, чөөгө 3 миң сом төлөчүбүз. Акча эки жылдан бери берилбей калды. Ошондой эле ок-дары да бөлүнбөй калды", деди Кутманов.
Анын айтымында, департаменттеги мергенчилер тобу карышкыр атууга жетишпей жатат. (МТо)