Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:33

Украина менен Орусия оор техниканы чыгарууга макулдашты


Германияда Украина менен Орусия оор техникаларды чыгарууга макулдашты.

Германиянын тышкы иштер министри Берлиндеги жолугушуунун жыйынтыгында тараптар Украинанын чыгышында оор техниканы алып кетүү тууралуу келишимге кол коюлганын билдирди. Муну Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров да бышыктады:

Бүгүн кабыл алынган чечимдин эң маанилүүсү биргелешкен билдирүүдө айтылат. Ал сентябрда Минскиде макулдашылган чектен оор согуш техникасын чыгарып кетүү. Президент Путин дал ушуну 15-январда президент Порошенкого сунуштаган эле.

Берлиндеги жыйын кечээ болду, бүгүн чыгыш Украинада согуш аракеттери уланып жаткандыгы кабарланууда.

XS
SM
MD
LG