Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:17

УКМК: Сирияга азгырган төрт канал ачыкталды


Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин маалымат катчысы Рахат Сулайманов “Азаттыкка” билдирди.

Сулаймановдун айтымында, кыргыз жарандарына түрдүү убадаларды берип, алдоо жолу менен согуш талаасына чакырган үч түйүн тууралуу жакында коомчулукка маалымат берилет. Буга чейин 21 жаштагы Оштун тургуну Стамбул аркылуу Сириядагы согушка 60 кыргыз жаранын өткөргөнү белгилүү болгон. Ал азыр сурак берип жатат. Сулайманов ошондой эле Сирияга кеткен кыз-келиндердин саны учурда такталып жатканын билдирди.

"Алар биринчи кезекте согушкерлерге сексуалдык кызмат көрсөтүшөт. Экинчиден, аларга медайымдар, санитаркалар көбүрөөк керек экен, анан тамак-аш жасап, үй-оокаттарды жасаш үчүн да алып кетишет", - деди Сулайманов

УКМКнын маалыматы боюнча, Сирияга кеткен кыргыз жарандарынын саны эки жүздүн тегерегинде. Кыргызстандын ички иштер министри Мелис Турганбаев 21-январда Чүй облусунун кыдырып жүрүп аталган аймактан Сирияга кеткендердин катарында 18-19 жаштагы бир тууган эже-сиңдилер да бар экенин ачыктаган. (JAk)

XS
SM
MD
LG