Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:03

Малышев: «Кара тизмедегилерди» алдоо боюнча бир гана арыз түшкөн


"Кара тизмедегилерди" Орусияга киргизебиз деп алдап, акчасын алган шылуундардын бири жабыр тарткан Гүлназ аттуу кыздын арызынын негизинде кармалып, камакка алынган. Бул тууралуу “Азаттыкка” Бишкектеги темир жол милициясынын башчысы Виктор Малышев билдирди. Анын айтымында, милицияга башка арыз түшкөн эмес.

Мурдараак “Замандаш” ассоциациясынын аткаруучу директору Майрамбек Жапанов шылуундар Орусиянын "кара тизмесине" кирген кыргызстандыктарды поезд менен байкатпай алып киребиз деп алдап, 15-50 миңден сом акчаларын алып турушканын билдирген.

Натыйжада казак-орус чек арасынан алып өтө албай, ал жүргүнчүлөрдү поездден секирүүгө мажбурлашкан. Жапанов ушундай өңүттө алданган 41 адам “Замандашка” кайрылганын “Азаттыкка” кабарлаган.

Ушу тапта Орусияда жүрүү жана иштөө эрежесин бузган 40 миң чамалуу кыргызстандык аталган өлкөгө 3-10 жылга чейин кирүү укугунан ажыратылган. Тизмеден эки мамлекеттин ортосундагы сүйлөшүүнүн негизинде гана чыгууга мүмкүн. (EBM/МТо)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG