Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:30

Украин президенти «федерализациялоо» сунушун четке какты


Петро Порошенко Украина унитардык мамлекет бойдон каларын жана өлкө Европа менен интеграция багытынан тайбай тургандыгын билдирди. Бул тууралуу Порошенко бүгүнкү биримдик күнүндө сүйлөдү.

Орусия Украинаны федералдаштыруу аркылуу борбордук бийликти аймактар, анын ичинде азыр орусиячыл жикчилдер кармап турган Донецк, Луганск облустары менен бөлүшүүгө чакырып келет.

Ал арада украин аскерлери Донецктин аба бекетиндеги терминалдан чегинди.

- Кечээ кечинде терминалдан жаңы турумдарга чегинүү тууралуу чечим кабыл алынды. Бүгүн айыгышкан салгылаш болуп жатат. Кечээ аскерлер туткунга түшкөн эле, азыр аларды бошотуу тууралуу сүйлөшүү жүрүп жатат, - деп билдирди Украин армиясынын маалымат катчысы Владислав Селезнев. Селезнев айткан терминалды украин армиясы бир айдан бери кармап турган.

XS
SM
MD
LG