Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:09

“Курманжан Датка” тарыхый көркөм тасмасы каракчылык жол менен уурдалды. Учурда ал интернет желелеринде таркап жатат. Бул тууралуу аталган тарыхый тасманын продюсерлеринин бири Фархат Бекмамбетов билдирди.

Продюсердин айтканына караганда, тарыхый тасманын каракчылардын колуна түшүшү фильмдин келечегине урулган чоң сокку болду. Эми тасма эл аралык кинофестивалдарга катыша албайт.

- Бул тасманын тегерегинде көптөгөн иштер жүрүп жаткан. Башка мамлекеттерге сатуу боюнча да бир нече келишимдер түзүлгөн. Тартип боюнча чет өлкөгө сатыла турган жана кинофестивалдарга катыша турган тасма пираттардын колуна түшпөшү керек, - деди продюссер.

Бекмамбетовдун айтымында, учурда кинону кимдер интернет желелерине таратканы боюнча шектүүлөр бар. Ал тууралуу жакында маалым болот. “Курманжан датка” тарыхый көркөм тасмасы мамлекеттин каражатына тартылган. (ZA)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG