Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:00

Беларуста активист ачкачылык жарыялады


Беларуста 18 айга жумушка кесилген жарандык активист Юрий Рубцов ачкачылык жарыялаганын "Азаттыкка" маалымдады.

Жарандык активист акциясы менен Беларуста айлыктын төмөндүгүнө нааразылык билдирүүнү максат кылууда. Беларус бийликтери жакында өлкөдө орточо айлык 600 долларга барабар экендигин жарыялаган. Рубцовдун айтымында, чындыгында орточо айлык мындан алда канча төмөн. Активист ошондой эле Александр Лукашенкону бардык саясий туткундарды бошотууну жана оппозицияга улуттук телеканалдан күнүгө аз дегенде бир саат убакыт берүүнү талап кылууда. Рубцов өткөн айда уруксатсыз демонстрацияга катышкандан кийин сотко акарат келтирди деп кесилген эле.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG