Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:17

"Ислам мамлекети" тобуна каршы коалиция жыйын өткөрдү


"Ислам мамлекети" уюшмасына каршы АКШ баштаган коалициянын 21ден ашык мүчө-өлкөсүнөн мартабалуу өкүлдөр бул экстремисттик топ менен күрөштүн чараларын Лондондо талкуулашты.

АКШнын Мамлекеттик катчысы Жон Кэрри "Ислам мамлекети" уюшмасы менен күрөш «азыркы замандын чоң маселеси, бул жаатта иш көп» деди. Жыйында "Ислам мамлекети" тобунун каржыланышына бөгөт коюп, чет элдик согушкерлердин бул уюмга агып келишин чектөөнүн чаралары каралары кабарланган.

АКШ баштаган бул коалицияга 60ка чукул өлкө кирген. Адистер аймакта Борбор Азиядан да жүздөгөн киши согушуп жаткандыгын болжолдошууда.

XS
SM
MD
LG