Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:52

НАТО Украинадагы кырдаалга тынчсызданууда


НАТОнун аскер башчысы Филип Бридлав.

НАТОнун аскер башчысы Филип Бридлав.

НАТОнун аскер башчысы, америкалык генерал Филип Бридлав бүгүн Брюсселде сүйлөгөн сөзүндө Украинанын чыгышындагы кырдаал сентябрда Минск келишими түзүлгөнгө чейинки абалдан да курчуп кеткенин белгиледи:

- Азыр мен украин президенти Порошенконун чыгыш Украинага тогуз миң орус аскери кирди дегенин бышыктай албайм. Ошол эле мезгилде Орусия колдогон күчтөрдүн кубаты өскөнүн, куралдуу кагылыштардын чеги азыр бир нече багытта Батышты көздөй жылганын көрүп жатабыз. Бул бизди тынчсыздандырбай койбойт.

Бридлав ошондой эле Орусиянын аскер башчылары менен байланышты калыбына келтирүүнүн жолдору талкууланып жаткандыгын билдирди. Анын айтымында, НАТОнун бир нече улук командирлери Орусиянын куралдуу күчтөрүнүн башкы штабынын жетекчиси, генерал Валерий Герасимов менен кайра алака түзүүнү чечишти. ЕККУ уюму бүгүн Чыгыш Украинада набыт болгондордун саны былтыр апрелден бери беш миңден ашканын тастыктады.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG