Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:24

Обама Израил премьери менен жолукпайт


АКШ президенти Барак Обама Израил премьер-министри Бинямин Нетаньяху Вашингтонго расмий сапар менен келген учурда жолукпай турганын билдирди. Нетаньяху АКШга быйыл март айында барат. Ак үй тараткан маалыматка ылайык, Израилде боло турган шайлоо алдында мамлекет лидерлеринин жолугушуусу эл аралык коомчулукта шайлоого таасир этүүнүн жолу катары кабыл алынышы мүмкүн.

Ошондой эле мамлекеттик катчы Жон Керри да Нетаньяху менен сүйлөшүүлөрдү өткөрбөйт.

Израил премьери Конгресс жыйынына катышып, Ирандын өзөктүк программасына байланыштуу жана исламчыл согушкерлер менен күрөшүү жаатында сөз сүйлөйт. (SE)

XS
SM
MD
LG