Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:05

“Таза суу” долбоорундагы максатсыз чыгымдар парламентте талкууланат


Жогорку Кеңештин “Республика” фракциясы бүгүн “Таза суу” долбоору боюнча насыялык акча каражаттардын максатсыз пайдаланышын талкуулайт. Жыйынга өкмөттө иштегендерден тарта долбоорго каражат бөлгөн Азия өнүктүрүү банкы менен Дүйнөлүк банктын өкүлдөрү да чакырылган. Бул тууралуу “Азаттыкка” фракция лидери Максат Сабиров билдирди. Анын айтымында, долбоордун канча пайыз каражаты ыксыз коротулганы тууралуу так маалымат жок. Бул маселе жакында парламенттин жалпы жыйынында да көтөрүлмөкчү.

2001-жылы башталган “Таза суу” долбоорунун алкагында Кыргызстандагы миң айылга суу чыгаруу пландалган. Бирок жумуштар 600дөн ашуун гана айылда бүткөрүлгөн. Долбоорду ишке ашыруу үчүн каражаттын беш пайызын айыл тургундары топтогон. (SE)

XS
SM
MD
LG