Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:28

“Милиционермин” деп эл тоногон кызга кылмыш иши козголду


Бул тууралуу “Азаттыкка” Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Олжобай Казабаев билдирди.

Анын айтымында, 22-январда милиция формасын кийген Айзат Ашымова аттуу кыз Ленин райондук сотунун имаратынын жанынан кармалган. Териштире келгенде ал жалган күбөлүк жасатып, милициянын формасын кийип, ошол арадагы дүкөндөрдөн азык-түлүктү акысыз алып турган.

“Кайгуул-күзөттүн кызматкерлери документтерин сураганда көрсөтпөй, "Токтогул райондук аймактык милициясында иштейм" деп айткан. Териштире келгенде андай эмес болуп чыккан. Учурда 19 жаштагы бул кыздын үстүнөн үч кишиден арыз түшүп, кылмыш иши козголду”,- деди Казабаев. (МТо)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG