Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:19

КСДП Жолдубаеванын талапкерлигин колдоду


КСДП фракциясы баш прокурорлукка сунушталып жаткан Индира Жолдубаеванын талапкерлигин колдоду.

Фракция жетекчиси Чыныбай Турсунбеков учурда баш прокурорлук орундун деңгээли көз көрүнөө бийиктегенин, Жолдубаева аны андан да жогору көтөрөрүнө үмүт артып турганын айтты.

Мындан мурда “Республика” фракциясы да Жолдубаеванын талапкерлигин колдогон. Калган фракциялар талапкер менен кийинки жумада таанышат.

Талапкерди тиешелүү комитет карап, жактыргандан кийин жалпы жыйында добуш берилет.

Жолдубаева президенттик аппараттын сот реформалары жана мыйзамдуулук бөлүмүн жетектейт. Мурдагы баш прокурор Аида Салянова өз каалоосунун негизинде 22-январда жумуштан алынган. (МТо)

XS
SM
MD
LG