Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:27

Бишкек - Ош аба каттамы 12 сааттай кармалды


Бул тууралуу “Азаттыкка” “Манас” эл аралык аэропортунун аткаруучу директору Илим Карыпбеков билдирди. Анын айтымында, кечээ кечке жуук Ош аэропортун туман каптап, учактар конууга мүмкүн болбой, натыйжада бир нече учактар уча албай калган.

“Туман эми гана тарап атат. Биринчи рейс бүгүн саат 9дан өтүп каттады. Анда да туман толук тарай элек болчу. Кышында Ош менен Бишкектин аэропортторунда мындай абал болуп турат. Жүргүнчүлөрдү сабырдуулукка чакырабыз”, - деди Карыпбеков.

Андан мурда уча албай калган жүргүнчүлөрдүн бири Кеңешбек Сайназаров “Азаттыкка” кайрылып, Ошко уча турган жүргүнчүлөр 12 саат күтүшкөнүн билдирген. Анын айтымында, бул убакта “Авиатрафик” компаниясы жүргүнчүлөргө мыйзамга ылайык суусундук же тамак-аш берген эмес. Узак убакыт күткөн жүргүнчүлөр менен авиакомпания өкүлдөрүнүн ортосунда жаңжал да чыккан. (МТо)

XS
SM
MD
LG