Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:39

Абдыгулов: Банктардын насыя бербей жатышы убактылуу көрүнүш


Өлкөдөгү айрым банктардагы насыялардын чектелиши сезондук көрүнүш. Бул тууралуу “Азаттыкка” Улуттук банктын жетекчиси Толкунбек Абдыгулов билдирди.

Анын айтымында, январда көпчүлүк план түзүү менен алектенет. Ал эми февраль, март айларында дыйкандар жазгы талаа жумуштарына даярдык көрө баштаган кезде насыялар бериле баштайт.

“Бизде Улуттук банк тарабынан эч кандай чектөө киргизилген эмес. Бирок бул жерде жылдын башында дайыма ушундай болот”, деди Абдыгулов.

Буга чейин айрым маалымат каражаттары өлкөдөгү 24 коммерциялык банктын 17си сом менен насыя берүүнү токтотконун кабарлашкан.

“Азаттык” байланышкан KIСB, "Росинбанк", "Кыргызстан коммерциялык банкы", "Халык банк", "Байтүшүм" банктары сом менен насыя берүүнү чектешкенин билдиришти. Ал эми "Доскредобанк" жана "Толубай банк" коммерциялык максатка сом менен насыя берилерин, бирок үстөк пайызы 28% тегерегинде болорун билдиришти. (AiT/MTo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG