Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:48

Саудия падышасы бүгүн жерге берилет


Дүйнөдөн өткөн падыша Абдалла бүгүн Эр-Риядда жерге берилет.

Дүйнөдөн өткөн падыша Абдалла бүгүн Эр-Риядда жерге берилет.

Сауд Арабияны акыркы он жылдан бери башкарган падыша Абдалла 91 жаш курагында кечээ кечинде дүйнөдөн өттү.

АКШ президенти Барак Обама падыша Абдалла араб тынчтык демилгесин алга жылдыруу багытында “чечкиндүү кадамдарга” барганын белгиледи.

Сауд Арабия - АКШнын Жакынкы Чыгыштагы чечүүчү өнөктөшү. Падыша Абдалланын ордуна тактыны эми анын 79 жаштагы иниси, ханзаада Салман ээледи.

Бул аралыкта сауд падышасынын дүйнөдөн өтүшүнүн артынан эл аралык базарда мунай баасы 2% жакын көтөрүлдү.

Бирок эксперттер дүйнөнүн эң ири мунай өндүрүүчүсү болгон Саудиянын саясатында олуттуу өзгөрүү болбойт деп болжошууда. Буга дейре сауд бийликтери кара майдын арзандашын токтотуу үчүн өндүрүш көлөмүн кыскартуудан баш тартып келишкен. (UE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG