Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:23

“Курманжан Датка” тасмасынан 10 млн. сом пайда түштү


Бул тууралуу “Азаттыкка” "Кыргызфильм" фондунун директору Урмат Айталиев билдирди.

Анын айтымында, тасма 31-августтан 20-декабрга чейин өлкө аймагында 3924 жолу коюлуп, аны 218 395 киши көргөн.

“Салык жана башка каржы маселелерин эске албаганда ушул убакыт ичинде 10 миллион сом пайда түштү”, деди Айталиев.

Тасма бир катар эл аралык абройлуу сынактарга катышып, жакшы баага ээ болгон. Ошондой эле “Оскарга” көрсөтүлгөн чет элдик тасмалардын узун тизмесине илинген.

"Курманжан Датка" көркөм-тарыхый тасмасы мамлекеттик буйрутма менен 70 млн. сомго тартылган. Аны 21-январь күнү белгисиз бирөөлөр каракчылык жол менен интернетке жарыялап жиберишкен. Бул боюнча иликтөө жүрүүдө. (ZA/МТо)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG