Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:52

Мамлекеттик катчы Жон Керри бул тууралуу “Ислам мамлекети” тобуна каршы АКШ баштаган коалициянын Лондондогу жыйынынан кийин билдирди:

- Биз баарыбыз түшүнөбүз, Араб дүйнөсүнө “Даэш” деген ат менен жакшы таанымал “Ислам мамлекети” тобу Сириянын эле, Ирактын эле проблемасы эмес. “Даэш” глобалдык проблема. Андыктан координацияланган, ар тараптуу жана күчтүү глобалдык чараны талап кылат.

Жон Керри “Ислам мамлекети” тобуна каршы күрөштө “прогресс” бар экенин жана ал “прогресс улантыларын” кошумчалады.

АКШ баштаган коалицияга азыр 60тай өлкө кирет жана былтыр августтан бери “ИМ” тобунун Ирак менен Сириядагы турумдарына миңден ашык аба соккусу жасалды.

Жыйындын конок ээси – Британиянын тышкы иштер министри Филип Хэммонддун айтымында, Ирактын армиясы “Ислам мамлекети” тобу менен өз алдынча күрөшүүгө даяр болушу үчүн али бир нече ай талап кылынат.

АКШ мамлекеттик катчысы Жон Керри ирак армиясы ушул күндөрү Вашингтондон минага туруштук берүүчү чопкутталган аскерий унаалардан 250 даана алганын маалымдады. (UE)

  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG