Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:25

Армения менен Азербайжан чек арада ок атылганы үчүн бири-бирин айыпташты


Армениянын Коргоо министрлиги билдиргендей, өлкөнүн түндүк-чыгыш ыптасында, чек арадан азери аскерлери аткан октон 23-январда эки армян аскери мерт болгон.

Армян тарап ошондой эле жооп иретинде ок чыгарып, “жоготууга учуратуу” менен азери аскерлерин артка кайтарганын ырастоодо.

Бирок азери Коргоо министрлиги чек арада ок атылганы үчүн Арменияны айыптап, азери тарап эч чыгымга учурабаганын айтып чыкты.

Ок атышууну токтотуу макулдашуусу 1994-жылы эле жетишилгени менен Тоолуу-Карабах чатагын жөнгөрүү боюнча дипломатиялык аракеттерден али майнап чыкпай келет.

Акыркы айларда чек арада атышуулар күчөдү, озунуп ок чыгарганы үчүн эки тарап бири-бирин дайыма күнөөлөп келет. (UE)

XS
SM
MD
LG