Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:37

Ошто бүгүн «Мен пайгамбарымды сүйөмүн» аттуу тынчтык акциясы өтөт


Бүгүн «Мен пайгамбарымды сүйөмүн» аттуу тынчтык акциясы Ош Улуттук драма театрдын алдында өтөт. Бул тууралуу акциянын уюштуруучулары маалымдашты. Азырынча акцияга канча адам катышары жана кандай ураандар менен чыгары белгисиз.

Ушул жылдын 7-январында Париждеги белгилүү «Шарли Эбдо» журналынын кеңсесине куралчан кишилер кирип, 12 адамды атып кеткен. Ок аткандар аталган журналда жарыяланган Мухаммед пайгамбардын карикатуралары үчүн өч алуу экенин айтышкан.

Бул кандуу чабуулду эл аралык коомчулук айыптаган. Кыргыз өкмөтү да журналга кол салгандарга карата терс пикирин билдирген.

Кандуу окуядан кийин "Шарли Эбдо" Мухаммед пайгамбардын дагы бир карикатурасын чыгарган. Ушундан кийин дүйнөнүн бир катар өлкөлөрүндө миңдеген мусулмандар нааразылык акцияларын өткөрүүдө. Кыргызстанда мындай акция Бишкек жана Каракол шаарларында да өткөн болчу.(YI)

XS
SM
MD
LG