Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:52

Донбасстагы аскерий операцияларда украиналык үч аскер набыт болду


Украинанын чыгышындагы аскерий операциялар учурунда үч аскер набыт кетип, 50гө жакыны жарадар болгон. Бул тууралуу Украинанын Коргоо министрлигинин өкүлү Андрей Лысенко маалымдаган.

Анын айтымында, орусиячыл жикчилдердин туткунунан үч украиналык аскер бошотулду.

Буга чейин БУУнун Адам укуктары боюнча мекемесинин өкүлү Руперт Колвилл бүгүн Женевадагы басма сөз жыйында белгилегендей, акыркы тогуз күндө эле Украинанын чыгышында 262 адам мерт болду.

Бул украин өкмөттүк күчтөрү менен жикчилдер былтыр 5-сентябрда ок атышууну токтотууну макулдашкандан бери жоготуу эң көп катталган учур. (TSh)

XS
SM
MD
LG